КР тышкы саясатынын жетишкендиктери: консулдук багыттары заманбап этапта

  • Өлкөнүн виза саясаты жаңыланды жана жакшыртылды.
Министрликтин демилгеси менен "тышкы миграция жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, андан кийин КР КМ "чет өлкөлүк жарандардын КР аймагында болуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 10.10.2023-ж. № 541 токтому кабыл алынган.
Мыйзамсыз мигранттарды "көмүскөдөн" чыгарууга жана Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берди, бул өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү.
  • Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги консулдук өкүлчүлүктөрү кеңейтилди.
КР Санкт-Петербург жана Казань шаарларындагы Башкы консулдуктары жана Чехия менен Италиядагы Ардактуу консулдуктары ачылды.
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын Сирия Араб Республикасынан репатриациялоо процедурасы ишке ашырылды.
КР жарандарын КР түндүк-чыгыш аймактарынан репатриациялоо боюнча «Айкөл» гуманитардык миссиясынын 5 этабы ишке ашырылып, анын натыйжасында 432 Кыргыз Республикасынын жараны (129 аял, 303 бала) мекенине кайтарылган.
Табигый кырсык болгон аймактардан жана ысык чекиттерден Кыргыз Республикасынын жарандары эвакуацияланды.

2023-жылдын 6-7-февралында Түркия Республикасынын аймагында (Анкара, Анталия, Аланья) катталган катуу жер титирөөдөн жабыркаган Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарына ыкчам жардам көрсөтүлүп, 150 кыргыз жараны эвакуацияланды.

Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын аймагындагы 30 жаранын Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу мекенине кайтарылган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын 6 жараны Судандан, ошондой эле 4 кыргыз жараны Палестинадан эвакуацияланды. Мындан сырткары 2 кыргыз жаранды Ирактан кайтарылды.

  • 2023-жылдын 5-октябрынан 15-октябрына чейинки аралыкта Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык экспедицияны ишке ашырууга жардам көрсөтүлдү.
Гуманитардык миссиянын жүрүшүндө 617 адамга (836 адамдын ичинен) медициналык жардам көрсөтүлгөн, Бадахшан облусунун Вахан районунун 26 тургуну текшерүүдөн өтүп, дары-дармек менен камсыздалган, 700дөн ашык малга ветеринардык жардам көрсөтүлгөн, Чоң Памирден 5 үй-бүлөгө (30 адам) азык-түлүк, Чоң Памирдин тургундарына 600 кг жакын дары-дармектер жана 380 кг ветеринардык дары-дармектер сатылып алынган жана өткөрүлүп берилген.
  • Консулдук кызматтардын бардык тизмесин санариптештирүү процедурасы аяктады.
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде «Мекен-карт» АМС, «Электрондук нотариус» МС, интернет-эквайринг ишке киргизилген;
- "Мекенине кайтаруу тууралуу күбөлүк" АМС, "Консулдук каттоо", "Суратып алдыртып алуу" АМС такталган;
- КР чет өлкөлүк мекемелеринде КР жарандары үчүн электрондук санариптик кол тамгаларды берүү башталды;
  • чет өлкөлөрдө КР улуттук паспорттору үчүн төлөмдөрдү кабыл алууга сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү ачылды (https://payment.infocom.kg/);
  • консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүнүн тарифтери кайра каралды;
  • КР чет өлкөлүк мекемелерин тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына кошуу аяктайт, ал визаларды аралыктан (кагаз алмашуусуз) тариздөө маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет;
  • Электрондук консул "маалыматтык системасын иштеп чыгуу башталды.
  • Чет өлкөлөрдөгү КР жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылды.
  • Атап айтканда, даярдалган улуттук паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү, Мекен-картты, так отчеттуулук бланктарын жана башка ачык мүнөздөгү документтерди эл аралык почта кызматы аркылуу КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде ыкчам жеткирүү маселеси иштелип чыкты.
  • РФде КР жарандарынын миграциялык каттоого туруу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү.

Россия тарап “Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө” Федералдык мыйзамдын 20 жана 22-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 156-Федералдык Мыйзамды кабыл алган. Бул түзөтүүлөр 2023-жылдын 26-октябрында күчүнө кирген, чет өлкөлүк жарандарга Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы аркылуу же турак жайды ижарага алуу келишимин берүү жолу менен жашаган жери жөнүндө миграциялык каттоо органына өз алдынча билдирүү укугун берген учурлардын тизмесин кеңейткен (бул учурда ээсинин макулдугу талап кылынбайт). Өзгөртүүлөрдү россия тарап кыргыз тараптын сунуштарын эске алуу менен кабыл алды.

  • РФ жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды КРге которуу боюнча КР жана РФ компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүн интенсификациялоого көмөк көрсөтүлдү.

2024--жылдын 1-январына карата РФтен КРге 74 соттолгон КР жараны (2022 – жылы-33 адам) которулду, 42 соттолгон мекендештер этаптоо стадиясында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK