5-март – Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык маалымдоо күнү

2022-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргыз Республикасынын демилгеси менен жарыяланган, 5-март күнү “Куралсыздануу жана жайылтпоо боюнча эл аралык маалымдоо күнү” катары бүткүл дүйнө жүзүндө белгиленет.

Кыргыз Республикасы тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, элдин жыргалчылыгы үчүн куралдуу кагылыштарды болтурбоо жана токтотуу, ошондой эле коомчулуктун, өзгөчө жаштардын куралсыздануу маселелери боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу маселелерине чоң көңүл бурат.

Эл аралык күндү жыл сайын белгилөө түшүндүрүү иштерин активдештирүү, куралсыздануу жана жайылтпоо маселелерин ар кандай деңгээлдеги улуттук билим берүү программаларына киргизүү үчүн оң түрткү болот.

Эл аралык күндүн маанилүүлүгүн эске алуу менен жана резолюциянын жоболорун практикалык ишке ашыруу үчүн, жыл сайын март айынын башында БУУнун Куралсыздануу маселелери боюнча Башкармалыгы менен биргеликте БУУнун жетекчилигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин делегацияларынын катышуусу менен БУУнун Нью-Йорк, Вена жана Женева шаарларындагы аянтчаларында иш-чаралар уюштурулат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен ЕККУ Академиясы менен биргеликте 2024-жылдын май-июнь айында Бишкек шаарында КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын жана ЕККУ Академиясынын студенттери үчүн куралсыздандыруу жана жайылтпоо маселелери боюнча ачык лекциялар өткөрүлөт.

Куралсыздандыруу жана жайылтпоо маселелери көп тараптуу дипломатия чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу болуп саналат. 2023-жылдын декабрында жайылтпоо маселелери боюнча көп тараптуу макулдашууларды бекемдөөнүн алкагында акыркы 4 жылдар бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз зона (ДЗСЯОЦА) менен Африканын ядролук куралсыз зонасы (ОПАНАЛ) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Меморандумга кол коюу ядролук жайылтпоонун глобалдык режимин бекемдөө, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биздин зоналардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эл аралык аракеттерди бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK