Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган «Өзгөчө учурлар жана маанилүү корутундулар» аттуу эл аралык юбилейлик конференция

Бүгүн, 2024-жылдын 14-мартында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган Эл аралык юбилейлик конференция болуп өттү. Иш-чара КР Тышкы иштер министрлиги менен КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы тарабынан биргеликте дипломатиялык кызматтын ардагерлеринин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, чакырылган коноктордун жана Дипломатиялык академиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Ректору Кылычев Акылбек Мукаевич жана  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Исаев Асеин Кусеинович ачты.

Конференциянын коноктору жана катышуучулары дипломатиялык кызматтын ардагерлери жылуу сөздөрүн айтышты : Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жумагулов Апас Джумагулович, СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз ССРинин экс-тышкы иштер министри, «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук уюмунун төрайымы Түмөнбаева Жаңыл Туменбаевна, ошондой эле дипломатиялык корпустун Дуайени, Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Страчко Андрей Сергеевич.

Иш-чарага Дипломатиялык академиянын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Карпекович Курманов жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, профессор Ирина Абдыевна Оролбаева модератордук кылып, анын компетенттүү жетекчилиги темалардын кеңири спектрин, анын ичинде дипломатиянын тарыхын, тынчтыкта жанаша жашоо, глобалдык коопсуздук жана эл аралык экономикалык кызматташтык жаатындагы актуалдуу маселелерди натыйжалуу жана жемиштүү талкуулоону камсыз кылды.

Конференциянын жүрүшүндө белгилүү дипломаттар жана эксперттер сөз сүйлөштү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, профессор  Болжурова Ишенгүл Садыковна, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, Отунбаев Болот Исакович - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, Курманов Зайнидин Карпекович – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору – проректору, Абдурашитов Акасбек - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, Усупов Марат Макаевич - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, "Кыргызстандын дипломаттары" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү, Юн Сергей Миронович — Томск мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси, дүйнөлүк саясат кафедрасынын башчысы, Осмонбетов Эдил Кубатовичке – КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти..

Катышуучулар конференциянын уюштурулушуна жана деңгээлине жогору баа берип, анын дипломатиялык коомчулукту мындан ары өнүктүрүү жана эл аралык мамилелерди чыңдоо үчүн маанисин баса белгилешти.

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган «Өзгөчө учурлар жана маанилүү корутундулар» аттуу эл аралык юбилейлик конференция

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK