Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын жолугушуусу болуп өттү

Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуу өттү.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып,  Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки мамлекеттин чек ара сызыгынын калган аймактарында мындан ары дагы тактоо иштерин улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

  • Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK