Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадирдин жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 2-апрелинде Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадирдин жолугушуусу болуп, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусу талкууланды.

Тараптар кыргыз-малайзиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнүн динамикасын, анын ичинде билим берүү тармагында жыл сайын чыңдалып, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук мамилелерди активдештирүүгө өзүнүн иш жүзүндөгү салымын кошуп жатканын канааттануу менен белгилешти.

Малайзиянын түштүк-чыгыш чөлкөмүндөгү билим берүү тармагындагы тажрыйбасын эске алуу менен тараптар билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн алдыңкы стандарттары менен алмашуу, ошондой эле малайзиялык ЖОЖдордо Кыргызстандан келген студенттердин санын көбөйтүүнү макулдашышты.

Министр Жээнбек Кулубаев малайзиялык тарапка Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери үчүн Малайзиянын техникалык кызматташтык программасынын алкагында кыска мөөнөттүү курстарды кайра жанданткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, бул дагы биздин мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө салым кошору белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү семинарларын уюштуруу, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды өткөрүү, ошондой эле билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадирдин жолугушуусу болуп өттү
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадирдин жолугушуусу болуп өттү
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадирдин жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK