КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А.Атахановдун Бангладеш Элдик Республикасынын Тышкы иштер министри доктор Хасан Махмуд менен жолугушуусу болду

2024-жылдын 22-апрелинде Бангладештин Дакка шаарында Бангладеш Элдик Республикасынын Тышкы иштер министри доктор Хасан Махмуд Кыргыз Республикасы менен Бангладеш Элдик Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Биринчи саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Дакка шаарына келген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов менен жолугушту.

Министрдин орун басары А.Атаханов Кыргыз Республикасынын делегациясын чакыргандыгы үчүн, ошондой эле көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар кыргыз-бангладеш мамилелеринин абалы боюнча пикир алмашып, алардын мындан аркы мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Атаханов Кыргыз Республикасы кыргыз-бангладеш мамилелерин активдештирүүгө жана эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бере турган сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал, кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өз ара кызматташуунун күн тартибинде турган бардык маселелерди кеңири талкуулаганын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык дипломатия жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүгө, ошондой эле укуктук-келишим базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Эки өлкөнүн көп тараптуу уюмдардын алкагындагы жемиштүү өз ара аракеттенүүсү жогору бааланып, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча окшош позициялары жана өз ара түшүнүшүүсү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара сапарлардын динамикасын активдештирүүнү, бийик жана жогорку деңгээлде эки тараптуу түрдүү иш-чараларды, ошондой эле бизнес чөйрөсүндөгү жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты.

Бангладештин Тышкы иштер министри доктор Хасан Махмуд Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевге кызматка дайындалышына жана өлкөдө парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу жолдогон чын ыкластуу куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-бангладеш мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Атаханов Бангладештин Тышкы саясат мекемесинин башчысына министр Ж.Кулубаевдин катын тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK