Токио шаарында инвестициялык вебинар болуп өттү

2022-жылдын 9-февралында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги жана Япониянын Россия жана жаңы көз карандысыз мамлекеттер менен соода боюнча ассоциациясы (ROTOBO) тарабынан Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен онлайн режиминде уюштурулган инвестициялык вебинар болуп өттү.

Вебинарды Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин кеңешчиси Азиретсултан Абаев жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда куттуктоо сөздөрү менен ачышты.

Инвестициялык вебинар төмөнкү темалар боюнча үч сессиядан турду: 1) Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы жана инвестициялык климаты, 2) Иш менен камсыз кылуу, адам ресурстарын өнүктүрүү жана IT чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, 3) Айыл чарба, тамак-аш жана текстиль өнөр жайы тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын жана Япониянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Кыргыз тараптан энергетика, айыл чарба, геология жана жер казынасын пайдалануу, туризм жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу жаатында кызматташуу потенциалы боюнча презентациялар менен министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялар паркы, Алыш-Дан Organic, EcoFloris, Aman-Greenfood, Japan Style, Unique Technologies, Kanda Software, Tokyo rope сыяктуу бир катар ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү баяндама жасашты.

Маалымат үчүн:

Инвестициялык вебинар «Борбордук Азия –  Виртуалдык ЭКСПО 2 (CAVEX2)» көргөзмөсүнүн бир бөлүгү болуп саналат, бул-ишчара онлайн форматта 2022-жылдын 17-январынан 4-мартына чейин өтөт жана https://www.cavex2.rotobo.or.jp/ru/ дареги боюнча жеткиликтүү.

ЭКСПОнун максаты – Япония менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы жана инвестицияны стимулдоо.

Онлайн платформада Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы, ошондой эле ата мекендик “Улай-стиль”, “Дордой Ассоциациясы”, “Фармахим-К”, “ЭкоФлорис”, “Тоодогу куткаруу”, “КР альпинизм клубу”, “Паседена Мода”, “Джапан стайл”, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы, Аман-Гринфуд, Алыш-дан органик, Dolon System, Unique Technologies, ITMC Tien-Shan, I DO MARKETING компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK