Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Оштогу талаа кеңсесинин жетекчиси Александр Морозов менен жолугушту.

2022-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчиси Мээримбек Апышов менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программанын Оштогу талаа кеңсеси Александр Морозов жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын түштүгүндө Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ишмердүүлүгүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле БУУнун өлкөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү аймактык координаторлорунун алдыдагы иш сапарларын талкуулашты. А.Морозов белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын беш жылдык иш программасы аяктап, келерки беш жылдыктын программасы макулдашылууда.

Тараптар Кыргызстандын түштүк аймактарындагы эл аралык уюмдардын бардык өкүлчүлүктөрүнүн жана алардын долбоорлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ош шаарында кеңейтилген координациялык кеңешмени өткөрүү жана кызматташуунун жаңыланууларын, көйгөйлөрүн жана келечектүү маселелерин талкуулоо, бири-бири жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, Чоң-Алай районуна көчүрүлгөн этникалык ооган кыргыздарын Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан тамак-аш рациону, окутуу мүмкүнчүлүктөрү, жүгүртүү каражаттары менен камсыздоо, ошондой эле ишке орноштуруу аркылуу адаптациялоо жана интеграциялоо маселелери талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK