КР ТИМнин 2023-жылдын 17-мартына карата маалыматтык билдирүүсү

Чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кытай Эл Республикасынын визасын жол-жоболоштуруунун тартибин жаңылоо боюнча Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин маалыматына ылайык, жарандардын жүрүүсүн андан ары жеңилдетүү максатында 2023-жылдын 15-мартынан тартып Кытай Эл Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсү үчүн аталган өлкөнүн визалык саясатына төмөнкүдөй түзөтүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынган:  

- 2023-жылдын 15-мартынан тартып 2020-жылдын 28-мартына чейин берилген жана дагы эле жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде болгон визалардын кирүү функциясы калыбына келтирилди (үстүбүздөгү жылдын                           15-мартынан баштап, 2020-жылдын 28-мартына чейин мөөнөтү бүтө элек виза менен КЭР аймагына кирүү болот);   

- КЭР визасын берүүчү Кытай Эл Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кытай Эл Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарга визанын бардык категорияларын кароону жана берүүнү кайра жандандырат.

Ошону менен бирге, Министрлик кытай тарап менен Кытай Эл Республикасынын айдоочулук визасын алууга арыз берүү үчүн электрондук кезекке катталууга орундардын санын көбөйтүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканын белгилейт.

Министрлик, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өзгөчө көңүлүн бурат – ортомчулук түзүмдөрдүн тигил же бул категориядагы визаларды алууда ортомчулук кызматтарды көрсөткөн айрым адамдардын мыйзамсыз иштери жөнүндө маалымат болгон учурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK