Казань шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү

Ушул жылдын 21-февралында Казань шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Татарстан Республикасына 20-21-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында болду.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.Азымбакиев жана Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулу Э. Бейшембиев катышты.

Иш-чарага ошондой эле ТРнын Мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Ю.Камалтынов, ТРнын Мамлекеттик кеңешинин комитетинин төрагасы К.Садриев, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Казань шаарындагы өкүлү Р.Вахитов, ТРнын Мамлекеттик кеңешинин Аппаратынын жашыруундукту жана жарандык режимди коргоо секторунун башчысы А.Хасанов, ТРнын соода- өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары М.Ахматов, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Казань шаарында жашаган мекендештер катышты.

Башкы консулдуктун консулдук округуна Татарстан Республикасы, Башкортостан Республикасы, Марий Эл Республикасы, Мордовия Республикасы, Удмуртия Республикасы, Чувашия Республикасы жана Ульяновск облусу аймактары кирет.

Жогорудагы консулдук округда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук Казань шаары, Спартаковская көчөсү, 6 (Сувар Плаза) дареги боюнча жайгашкан.

Телефон: +7 906 111 34 11

Email: kgconsulate.kazan@mfa.gov.kg

Жарандар күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09.00дөн 12.00гө чейин жана 13.00дөн 18.00гө чейин кабыл алынат.

  • Казань шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү
  • Казань шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү
  • Казань шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү
  • Казань шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK