“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КР ТИМдин 80 жылдыгына арналган Эл аралык мааракелик конференция өтөт

2024-жылдын 14-мартында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган "Өзгөчө учурлар жана маанилүү корутундулар" аттуу Эл аралык юбилейлик конференция өтөт. Ага дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, чакырылган коноктор, КР Тышкы иштер министрлигинин жана Дипломатиялык академиянын өкүлдөрү катышышат.

Иш-чараны КР Тышкы иштер министрлиги Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия менен биргеликте өткөрөт. 

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери, дипломаттар, окумуштуулар, эксперттер сөз сүйлөшөт.

  • “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КР ТИМдин 80 жылдыгына арналган Эл аралык мааракелик конференция өтөт

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK