Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнү ачуу жөнүндө

2024-жылдын 18-мартында Улуттук тарых музейде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган, КРнын Тышкы саясат ведомствосу тарабынан даярдалган сүрөт көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болот.

Ачылыштын ардактуу конокторунун катарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Апас Жумагулов, Кыргыз ССРинин Экс-тышкы иштер министри, СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси Жаңыл Түмөнбаева, мамлекеттик ишмер, КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ишенгүл Болжурова, КР Экс-тышкы иштер министри, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Айтматов жана башка дипломатиялык кызматтын ардагерлери жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана башка көптөгөн адамдар катышат.

Сүрөт көргөзмөгө 1944-жылы Кыргыз ССРинин союздук-республикалык Тышкы иштер элдик комиссариаты түзүлгөндөн тарта Кыргызстандагы дипломатиянын өнүгүүсүнүн маанилүү учурларын жана этаптарын чагылдырган 300гө жакын тарыхый сүрөттөр коюлат.

Иш-чаранын максаты – кыргыз дипломатиясынын тарыхый мурастары, баалуулуктары жана жетишкендиктери менен тааныштырып, келечек муундарга мамлекеттик ишмердүүлүктүн бул маанилүү багытын улантууга шыктандыруу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK