2019 жылынын сентябрь айынын 29-да, Гуанчжоу шаарында Гуандун облусунун Кыргызстандык окуучуларынын бирикмесин түзүүгө арналган майрамдык иш-чаралар расмий өттү.

4693

2019 жылынын сентябрь айынын 29-да, Гуанчжоу шаарында Гуандун облусунун Кыргызстандык окуучуларынын бирикмесин түзүүгө арналган майрамдык иш-чаралар расмий өттү.

Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Гуандун аймагында өз ишин алып барган Кыргызстандык ишкерлер, Гуанчжоу шаарында окуган студенттер жана башка жолугушуунун катышуучулары ушундай - Кыргыз Республикасынын жарандарынын чогулуп байланышып туруу форматы актуалдуу экени жана аны өз ара колдоо кереги белгилешти. Бул иш-чаранын ичинде студенттер өздөрү койгон концерт бий программасы көрсөтүлдү.

Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консультативдүү кеңеши менен түзүлгөн Ассоциация, башкы концепциянын негизинде - Гуанчжоу шаарында окуган кыргыз студенттерин бириктирген, коомдук, коммерциалык эмес уйум. Бул уюумдун түзүү максаттары - Гуандун аймагында жайгашкан мекендештерди бириктирүү, кыйын кырдаалдарда өз ара жардамдашуу, жаңы келген студенттерге колдоо көрсөтүү. Бул Ассоциацианын астыда коюулган пландарында - спорт тармагында сынактарды, жолугушууларды өткөрүү жана улуттук майрамдарында биргелешип чогуу иш-чараларды алпаруусу көрсөтүлгөн.

Окуучулардын биригүү уйумун түзүү идеясы Гуанчжоу шаарында туруктуу же убактылуу жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жакшы ой менен кабыл алынды. Кыргызстандын Башкы консулдугу жана Кыргызстандык ишкерлер бул уюумдун ишине зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин дагы белгилеп кетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK