Соода-экономикалык кызматташтык

Түркия Республикасы Кыргызстандын инвестиция жана соода-сатык алкагындагы негизги өнөктөшү болуп саналат. Экономикалык кызматташтык кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин приоритеттүү багыты болуп саналат. Түркия Республикасы, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын түзүмүндө негизги соода өнөктөш катары өзгөчө орунду ээлейт.

Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Президенттери тарабынан эки өлкөнүн соода айланымын 1 млрд. АКШ долл. чейин көбөйтүү боюнча максат коюлган.

Түркияга болгон негизи кыргыз экспортторун чанактуулар (буурчак), жаңгак, пахта, иштеп чыгарылбаган терилер, алтын, металл жана жез калдыктары, ошондой эле алюминий эритмелери түзөт.

Импортту жеңил өнөр-жай азыктары (кийим-кече, бут кийим, текстиль буюмдар), химиялык продукциялары (боёгучтар, лактар, самын, жуугуч, атыр, косметикалык каражаттар, дары-дармектер, пластмассадан, резинадан жасалган буюмдар, ж.б.), машина куруу продукциялары (жабдуулар, механикалык жабдуу, электрмашиналары, аппараттары жана башкалар.), тамак-аш жана айыл чарба чийки зат (жашылчалар, мөмө-жемиштер, кондитердик азыктар, жаңгактар, үрөнж.б), кара, түстүү, кымбат баалуу эмес металлдардын, зергер буюмдардын, жыгачтан жасалган буюмдардын, эмерек жана анын кошумча жабдуулары, булгаары буюмдар ж.б.

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча Биргелешкен комиссия (ӨАК) башкы ролду ойнойт жана анын отурумдары бул багыттагы максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чараларды кабыл алууга багытталган. 

Эки өлкөнүн техникалык-экономикалык кызматташуусунда Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) өзгөчө орунду ээлейт жана ТИКАнын жардамы менен бир нече долбоорлор ишке ашырылды.