Документерди таануу жана суратып алдыруу

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө» нускамасына ылайык, Сиздин расмий кайрылууңуздун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан документтерди талап кылсаңыздар болот (никелешүү, соттолбогондугу тууралуу маалымкаттар, салык боюнча маалымат, документтин дубликаты ж.б)

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы документтерди талап кылуу боюнча өз ара аракеттенүүлөр, эгерде жогорудагы Нускамада башкалар каралбаса, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Документтерди талап кылуу үчүн Башкы консулдукка алдын ала жазылып (рандеву) жаран жеке өзү же өзүнө карата документтер суралган адамдын мыйзамдуу өкүлү кайрылүү керек. 

Башкы консулдукка алдын ала жазылуу үчүн (рандеву алуу үчүн) www.istanbulkonsulduk.com  сайт аркылуу алсаңыздар болот.

 

Талап кылуу жөнүндө суроо-талапты тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеси:

- жеке маалыматтарды иштеп чыгууга, сактоого, макулдукту камтыган арыз (Башкы консулдукта берилет);

- арыз ээсин тастыктаган документтер (Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту, чет мамлекеттин жаранынын же жарандыгы жок адамдын өздүгүн тастыктаган документ).

 

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөндөгү документтер берилет:

 

1) суралган документтин аныктыгы жөнүндө маалыматтарды талап кылууда:

- аныктыгын тастыктоо керек болгон документтин көчүрмөсү;

 

2) өзүнө карата документтер суралган адамдын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда:

- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;

 

3) өзүнө карата документтер суралган адамдын камкорчусу/көзөмөлчүсү кайрылганда:

- адамды камкорчу/көзөмөлчү катары дайындоо жөнүндө соттун чечими, же чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген башка документ;

 

4) 18 жашка чыга элек жаранга карата документтер суралганда, анын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда:

- документи суралган 18 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

 

5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын талаптарына жараша документтерди талап кылуу үчүн негиз болуп саналган башка документтер.