7 – августан баштап Кыргызстан жана Түркия мамлекеттери арасы эл аралык кадимки аба каттамдарынын кайрадан учушу тууралуу
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин маалыматы боюнча, 2020 - жылдын 7 – августунан баштап Кыргызстан жана Түркия мамлекеттери арасы эл аралык кадимки аба каттамдары кайрадан учуп баштайт.
Мекенине кайтууну каалаган Кыргызстан жарандары төмөнкү аба компаниялары аркылуу кете алышат:
- «Авиа Траффик» аба компаниясы:
Бишкек—Стамбул—Бишкек багыты боюнча аптада 2 жолу.
Бишкек—Анталья—Бишкек багыты боюнча аптада 1 жолу;
- «Түрк аба жолдору» аба компаниясы:
Стамбул—Бишкек—Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу;
- «Пегасус» аба компаниясы:
Стамбул—Бишкек—Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу.