2022-жылдын 7-сентябрында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иш-чараларын иликтөө жана уюштуруу маселелерин талкуулоо максатында Башкы консул Лира Сыдыкова Кыргызстан достук жана маданият коомунун өкүлдөрү менен биргеликте Изник шаарына иш сапары менен барды.

1589

Иш сапардын алкагында Башкы консул Лира Сыдыкова Изник шаарынын мэри Каган Мехмет Уста жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу Эрхан Суалп менен жолугушуп, салтанатуу ачылыш аземи жана спорттук таймаштар өтө турган жерге барып, даярдыктын жүрүшү менен таанышты.

Башкы консул Л.Сыдыкованын Изник шаарынын мэри Мехмет Уста менен жолугушуусунда эл аралык иш-чарага даярдык көрүү маселелери кызуу талкууланды. Тактап айтканда, иш-чаранын программасы, тийиштүү деңгээлде өткөрүү, келген коноктордун толук кандуу катышуусу, мелдештик оюндардын багыттары жана схемалары, спортчулар үчүн түзүлгөн шарттар сыяктуу бир топ орчундуу маселелер жолугушуунун башкы маселеси болду.

Андан сырткары, Башкы консул Л.Сыдыкова Кыргызстан достук жана маданият коомунун мүчөлөрү менен биргеликте «Кыргыздар» күмбөзүн реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, аянтын кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Мэр менен жолугушкандан кийин, башкы консул Л.Сыдыкова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу Эрхан Суалп менен кезигишип, уюштуруу маселесинде даярдыктын жүрүшү, салтанаттуу ачылыш аземинин программасы жана сценарийи жана оюндун өтүш форматы боюнча түрк тарабынын көз карашы менен таанышты.

Башкы консул Л.Сыдыкова алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана бүткүл дүйнө элдеринин достугун чыңдап, көчмөн элинин маданиятын, этноспортун өнүктүрүүдө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тараптар маалыматтары менен алмашып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун камсыз кылуу боюнча макулдашылган кадамдарды белгилешти.

Маалымат үчүн: IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 27-сентябрынан 2-октябрына чейин Изник ​​шаарында өтөт. Иш-чарага 7 өлкөнүн президенти, 102 өлкөдөн 3 миң спортчу жана 500 миңге жакын адамдын катышуусу пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK