Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги маалымат билдирүүсү

3843

Интернет социалдык тармактарда «COVID-19 вдали от дома» маалыматынын жарыяланганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүнү маалымдайт. 

Аталган жарыядагы Ж.Ч. жана Г.Ч. Кыргызстан жарандары менен Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери менен туруктуу байланыш орнотулган. 

Бүгүнкү күндө жогоруда белгиленген жарандар сымал дагы эки Кыргыз жараны Түркиянын Анталья шаарында обсервацияга алынган жана алар менен байланыш түзүлгөн.

Бул маселе Министрликтин өзгөчө көзөмөлүнө алынган жана Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам берүүсү караштырылууда. 

Түркияда эпидемиологиялык кырдаал начарлаганын, коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин өсүшүн, чектөөчү жана карантиндик чаралар киргизилгендигин эске алуу менен, 2021-жылдын 29-апрелинен 17-майына чейин толук кулпулоо жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандары ушул мезгил аралыгында Түркияга баруудан алыс болууну Министрлик сунуш кылат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK