2019-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилеринин болуп өткөн Кеңешмесинде Башкы консул Эркин Сопоков катышты

4264

2019-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилеринин болуп өткөн Кеңешмесинде Башкы консул Эркин Сопоков катышты.

Кеңешменин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Элчилери жана Башкы консулдары менен жолугушуусу болду. Иш-чарага ошондой эле КР мамлекеттик органдарынын жетекчилери дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы тышкы саясат чөйрөсүндөгү негизги максаттарды жана милдеттерди белгилеп, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков негизги приоритеттер катары эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүнүн, чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча системалуу ишти камсыздоонун жана экономикалык дипломатияны күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушул контексттен улам, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын жаңы Концепциясынын бекитилгендигине, анда негизги принциптердин, улуттук кызыкчылыктардын жана милдеттердин аныкталгандыгына көңүл бурду.    

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларынын бул Кеңешмеси мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча уюштурулган жана өлкө жетекчилигинин, Жогорку Кеңештин, министрликтер менен ведомстволордун, Тышкы иштер министрлигинин, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин мурдагы Кеңешмеси 2007-жылы өткөрүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK