2019 – жылдын 14- мартында Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Маданият Университетинде КРдин Стамбул ш. Башкы консулдугу Кыргыз Достук жана Маданият коому менен биргеликте Ноорузга арналган майрамдык иш – чара уюштурушту.

4868

Университеттин короосунда Кыргыздын улуттук жасалгоосу менен боз үй орнотулуп, Нооруздун негизги майрамдык тамагы «Сүмөлөк» жасалып, КРдин маданият өкүлдөрү Упелхан Сейилбекова, Эрлан Жандарбай, бий топтор ж.б. катышуусу менен биргеликте майрамдык концерт болуп өттү. 

Консул З.Рысалиев өзүнүн сөзүндө баарыны куттуктап, Маданият Университетинин алкагында кыргыздын улуттук маданиятын, жүрүш-турмушун студенттерге, конокторго көрсөтүүгө жана бул иш чараны өткөзүүгө салым кошкон университеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Майрамда университеттин ректору Проф.Др. Эрхан Гюзел, КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Заманбек Рысалиев, диаспора мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттер ж.б. күбө болушуп, улуттук майрамдык тамак аштардан ооз тийишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK