Башкы консул Лира Сыдыкованын «Кыргыз түрктөрүнүн маданияты жана тилектештиги» бирикмесинин башчысы А.Кескин жана Бирикменин маданий борборунун директору Т.Кунтуз менен жолугушуусу боюнча маалымат.

3028

2021-жылы 18-июнда Башкы консул Лира Сыдыкова «Кыргыз түрктөрүнүн маданияты жана тилектештиги» бирикмесинин башчысы Абдулметин Кескин жана Бирикменин маданий борборунун директору Тажигүл Кунтуз менен жолугушту. 

«Кыргыз түрктөрүнүн маданияты жана тилектештиги» бирикмесинин башчысы Абдулметин Кескин Башкы консулга бирикме Кыргызстанда жана Түркияда көргөзмөлөрдү уюштуруу жана маданий иш-чараларды өткөрүү аркылуу кыргыз-түрк салтын, маданиятын жана тарыхын таанытып жаткандыгын баяндады. Анын ичинде «Топкапы» маданий паркынын аймагында жайгашкан кыргыз боз үйлөрүнүн тигилиши, Түркия университеттерине кыргыз сүрөт өнөрүнүн өрнөгү катары коюлган Тажигүл Кунтуздун сүрөттөрү жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары Абдулметин Кескин Түркиянын Улуу-Памир айылында өтө турган Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын боюнча ой бөлүштү. 

Башкы консул Лира Сыдыкова өз кезегинде Бирикменин түрк маданий баалуулуктарынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын жана кыргыз иденттүүлүгүнүн сакталышынын маанилүү экенин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыктары менен тааныштырды. 

Жолугушуунун аягында эки тарап кыргыз маданий баалуулуктарын илгерилетүү боюнча биргелешип аракет кылууну макулдашты жана жакын арада өтө турган маданий иш-чараларды белгилешти. 

 

  • Башкы консул Лира Сыдыкованын «Кыргыз түрктөрүнүн маданияты жана тилектештиги» бирикмесинин башчысы А.Кескин жана Бирикменин маданий борборунун директору Т.Кунтуз менен жолугушуусу боюнча маалымат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK