2021-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Л.Сыдыкова Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын диаспора өкүлдөрү менен жолугушту.
2021-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулу Л.Сыдыкова Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын диаспора өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда, Башкы консул Л.Сыдыкова, мекендештерге, Башкы консулдуктун Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштери, Түркиядагы эмгек ишмердүүлүгү, ошондой эле көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш планы тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында консулдук кызмат көрсөтүү жана Түркия мамлекети мыйзамынын бузулушуна жол бербөө боюнча маалымат түшүндүрмө берилди.