Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана Каржы министри Акылбек Жапаров менен Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун жолугушуусу өттү

2842

2021-жылдын 11-сентябрында Стамбулда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана Каржы министри Акылбек Жапаров Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту.

Жолугушууда Акылбек Жапаров Түркия Республикасы менен стратегиялык кызматташтыктын оң динамикасын, атап айтканда, бул багытта эки мамлекеттин башчыларынын жасаган кадамдарын белгилеп, бул контекстте туризм тармагында өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү Кыргыз Республикасында Түркия Республикасынын практикалык тажрыйбасын колдонуу аркылуу күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойду туризм тармагынын өнүгүп келе жаткан альпинизм, велотуризм жана туризмдин башка түрлөрү сыяктуу секторлору менен тааныштырып, ошондой эле Кыргызстандын туристтик рыногунун өнүгүү перспективаларын белгиледи. Мындан тышкары, бул сектордун прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн бардык шарттар бар экенин билдирип, бул багыттын өлкөнүн экономикасы үчүн эбегейсиз зор маанисин баса белгиледи. Туризмди ар тараптуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында түрк тарапты биргелешкен жумушчу топ түзүү жана адистер арасында тажрыйба алмашуу аркылуу ийгиликтүү туристтик индустрияны түзүү боюнча тажрыйба бөлушүүгө чакырды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана Каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын туристтик потенциалы менен толук таанышуу жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу максатында министрди Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде министр чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, бул багытта ар тараптуу кызматташууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, туристтик индустрияны жакшыртуу, анын ичинде Кыргызстандын медициналык туризми сыяктуу жаңы багыттар боюнча өз ойлору менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү жана тыгыз өз ара аракеттенүү боюнча макулдашышты.

Жолугушууга  Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консул Лира Сыдыкова жана түрк туризм тармагынын өкүлдөрү да катышты.

  • 2021 -жылдын 11 -сентябрында Стамбулда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана Каржы министри Акылбек Жапаров Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту
  • 2021 -жылдын 11 -сентябрында Стамбулда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана Каржы министри Акылбек Жапаров Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK