Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын жаранынын күтүүсүздөн каза болгондугу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун маалыматтык билдирүүсү

3004

2021-жылдын 30-ноябрында Стамбул шаарынын Шишли районунда Кыргыз Республикасынын И.Р. аттуу жараны күтүүсүз каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу маркумдун жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Маркумдун сөөгүн кыска убакытта Кыргызстанга жеткирүү маселесин чечип жаткандыгын билдирип жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Бул маселе Башкы консулдуктун көзөмөлүндө.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK