Д-р С.Ялчын атындагы шаардык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жараны М.Р.га байланыштуу маалыматтык билдирүү

2095

2022-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын жараны М.Р. талма оорусунан улам Стамбул шаарындагы д-р С.Ялчын атындагы шаардык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Баланын мээсинде залалдуу шишиги бар экени аныкталган. Башкы консулдуктун жардамы менен бейтап тиешелүү дарылоону улантуу үчүн «Окан» университетинин жеке ооруканасына жеткирилди. Бирок, ден соолугунун кескин начарлашына байланыштуу, жакын туугандары баланы Кыргызстанга алып кетүүнү чечишкен.

Башкы консулдук өз убактысында керектүү жардамын жана колдоосун көрсөтүп, андан сырткары, бейтапты Кыргызстанга алып кетүүдө ооруканадан Стамбул эл аралык аэропортуна трансфер жана тиешелүү техникалык, медициналык колдоону уюштурду. Учурда бейтап Кыргызстанга аман-эсен жетип, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жайгашканын маалымдайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK