Башкы консулдуктун кызматкерлери «Баңги затына тиешелүү» жана башка айыптар менен Бакыркой жабык аялдар абагында жаткан КР 1983-жылы туулган «Л.О.», 1989-жылы туулган «Ж.О.» жана 1980-жылы туулган «З.К.» аттуу жарандар менен жолугушуу өткөзүп, ал-акыбалын сурап келди.

449

Жолугушууда Башкы консулдуктун кызматкерлери камак жайларынын шарттары менен таанышып, жарандарга түрдүү маселелер боюнча консультацияларды берип, түрк мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жарандар тарабынан камак шарттарына карата даттануулар болгон жок.

Башкы консулдук абактагы жарандар менен алардын ата-энеси жана туугандарын телефон аркылуу байланыш түзүсүнө көмөк көрсөтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK