Массалык маалымат каражаттарында Эшимбеков Нурадил Нурлановичтин паспорту жөнүндө жазылган маалыматтар боюнча билдирме

7721

Массалык маалымат каражаттарында Эшимбеков Нурадил Нурлановичтин паспорту жөнүндө жазылган маалыматтар боюнча Башкы консулдук төмөнкүнү билдирет.

2019 – жылдын 10 – сентябрында КРдин жараны Н.Н. Эшимбековдун жалпы жарандык паспорту жасалма паспорт колдонуу күмөнү менен далил заты катары экспертизага алынган. Бул маселе боюнча Башкы консулдуктун консулдары прокурор менен жолугушкан жана КРдин жараны Н.Н. Эшимбековдун паспорту түпнуска экендиги тууралуу дипломаттык булактар аркылуу расмий аныктоо да берилген.

Азыркы учурда тергөө иши түрк тарабынан улантылып жатат. Башкы консулдук маселени көзөмөлгө алганын, КРдин жараны менен тың мамиледе болгондугун дагы бир ирет тастыктайт.  

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK