Башкы консулдуктун Жаңы Жыл майрам күндөрү иштөө тартиби
Урматтуу Мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрынын «2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» № 679 номерлүү Токтомуна ылайык, 2020-жылдын 2-3-6 - январь күндөрү дем алыш күндөрү болуп белгиленди.
Буга байланыштуу, Башкы консулдукта 2020 - жылдын 1-январынан баштап 7-январга чейиин иш күн эмес экендигин маалымдайбыз.
Ыкчам учурларда 24/7 саат +905351077212 номер аркылуу байланышсаңыздар болот.
Келе жаткан Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайбыз!
Сизге жана жакындарыңызга бекем ден соолукту, ийгиликтерди жана түбөлүк бакыт каалайбыз!