7 – августан баштап Кыргызстан жана Түркия мамлекеттери арасы эл аралык кадимки аба каттамдарынын кайрадан учушу тууралуу

5758

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин маалыматы боюнча, 2020 - жылдын 7 – августунан баштап Кыргызстан жана Түркия мамлекеттери арасы эл аралык кадимки аба каттамдары кайрадан учуп баштайт. 

Мекенине кайтууну каалаган Кыргызстан жарандары төмөнкү аба компаниялары аркылуу кете алышат: 

  • «Авиа Траффик» аба компаниясы:

           Бишкек—Стамбул—Бишкек багыты боюнча аптада 2 жолу

           Бишкек—Анталья—Бишкек багыты боюнча аптада 1 жолу;

  • «Түрк аба жолдору» аба компаниясы:

           Стамбул—Бишкек—Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу;

  • «Пегасус» аба компаниясы:

           Стамбул—Бишкек—Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK