Жарандык маселелер

КРдын жарандыгынан чыгуу үчүн документтердин тизмеси

Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашагандардын Кыргыз Респуликасынын жарандыгынан чыгуусу ал жактын өз эркин билдирүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Мыйзамдын 25-беренесинде каралган учурларда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга жол берилбейт.

  1. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турган Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган жериндеги ички иштер органдарына, ал эми Кыргыз Респуликасынын чегинен сырткары туруктуу жашап тургандар – дипломаттык өкүлчүлүктөргө же Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине төмөнкү документтерди тапшырышат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин наамына  белгиленген формадагы арыз (2-тиркеме);

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- Кыргыз Республикасынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жаранык паспорт (чет мамлекеттик паспорт);

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- нике тууралуу күбөлүк, никени жокко чыгаруу жөнүндөгү күбөлүк, күйөөсүнүн/аялынын каза болгондугу жөнүндөгү күбөлүк же күйөөсүнүн/аялынын каза болгондугун же дайынсыз жок болгондугун таануу жөнүндөгү соттун чечими, талаптагы учурда – никеде турбагандыгы жөнүндө ААКтын архивинен маалымкат;

- чет өлкөлүктүн жашап туруу укугу;

- салыктарды төлөө боюнча карызы жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын  салык органынын документи (арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы жашаган  орду боюнча);

- ак фондогу 4х6 өлчөмүндөгү түстүү 3сүрөт, жылмакай кагазда;

- мамлекеттик пошлинаны же АКШнын 510 доллары өлчөмүндөгү консулдук төлөмдөрдү төлөгөндүгү (Халык Банк) жөнүндө тастыктама, төлөмдүн дайындалышы – консулдук чогултумдар), төмөнкү реквизиттер бонча:

 Алматы шаары Луганский көчөсү 30 А дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу

БИН/ИИН   040950023012           

KZ146017131000054149

БИК  HSBKKZKX  КНП 859

  1. Арыз ээсинин Кыргыз Респуликасынын жараны күйөөсү/аялы, ошондой эле анын багуусундагы жана Кыргыз Респуликасынын жарандары болгон жактары болсо, ал арыз ээсинин Кыргыз Респуликасынын жарандыгынан чыгышына алардын мамилеси жөнүндөгү жазуу түрүндөгү маалымкатын тапшырышы керек.
  2. Эгер арыз ээси бир эле маалда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан жашы жете элек балдардын дагы чыгышы жөнүндө өтүнмө берсе, Мыйзамда каралган кырдаалдарга ылайык, төмөнкү документтер тапшырылат:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, камкордукка же карамагына алгандыгын белгилеген күбөлүк, ата-энесинин укугунан ажыраткандыгы жөнүндө күбөлүк;

- ата-энесинин же камкорчулардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп кала берсе, баланын жарандыгын токтотууга же сактоого тараптардын нотариус тарабынан же Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө (же консулдук мекемеде) күбөлөндүрүлгөн жазуу түрүндөгү макулдугу.

- 14төн 18 дашка чейинки балдардын жарандыгын өзгөртүүгө нотариус тарабынан же Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө (же консулдук мекемеде) күбөлөндүрүлгөн  жазуу түрүндөгү макулдугу.

Кошумча маалымат алуу үчүн +7 777-037-14-48 номерине кайрылыңыз