Документтерди мыйзамдаштыруу

ДОКУМЕНТТЕРДИ КОНСУЛДУК ЛЕГАЛДАШТЫРУУ

Кыргыз Респуликасынын аймагында түзүлгөн документтерди консулдук легалдаштыруунун схемасы (тартиби):

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик нотариалдык конторасы;
  2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариатынын жана адвокатурасынын башкармалыгы;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти;
  4. Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн дипломаттык өкүлчүлүк же документтер аймагында колдонула турган чет  мамлекеттин консулдук мекемеси, же чет мамлекетте (аймагында документтер колдонула турган) аккредитациядан өткөн дипломаттык өкүлчүлүк же консулдук мекеме.

Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтерди консулдук легалдаштыруунун схемасы (тартиби):

  1. Чет мамлекеттин компетенттүү  органы;
  2. Кыргыз Республикасынын чет мамлекетте аккредитациядан өткөн дипломаттык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Эгер Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан документтер легалдаштырылбаган болсо:

  1. Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн чет мамлекеттин дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
  2. Кыргыз Респуликасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын департаменти.

Консулдук легалдаштырууга жатпаган документтер:

2011-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №60-токтому менен бекитилген «Консулдук легалдаштырууну жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Жобого» ылайык,  төмөнкү документтер легалдаштырууга жатпайт:

паспорттор

аскер билеттери

эмгек китепчелери

айдоочу күбөлүктөр

транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү техникалык паспорттор

кесиптик кошуун билети катмарга же динге таандыктыгы жөнүндөгү документтер

Мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына залал келтирүүчү же анын жарандарынын ар намысына доо келтирүүчү маалымат камтыган документтер легалдаштырууга жатпайт.

Маанилүү маалымат!

1993-жылы 22-январда Минск шаарында жана 2002-жылы 7-октябрда Кишинев шаарында кол коюлган мекеме же анын компетенциясынын чегинде ага атайын ыйгарым укуктуу Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш  иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Конвенцияларга ылайык, компетенттүү жак тарабынан белгиленген формада берилген же гербдик мөөр менен бекитилип күбөлөндүрүлгөн документтер кайсы-бир атайын күбөлүксүз, төмөнкү мамлекеттердин аймагында кабыл алынат:

1. Азербайджан Республикасы;

2. Армения Республикасы;

3. Беларусь Республикасы;

4. Грузия;

5. Казахстан Республикасы;

6. Молдава Республикасы;

7. Россия Федерациясы;

8. Тажикстан Республикасы;

9. Түркмөнстан;

10. Өзбекстан Республикасы;

11. Украина.

1961-жылдын 5-октярындагы, чет мамлекеттик документтерди легалаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясынын мүчө-мамлекеттеринин аймагында жол-жоболоштурулган расмий документтер (Гаага конвенциясынын мүчө-өлкөлөрүнүн тизмесин кара) легалдаштыруудан бошотулган (дипломаттык же консулдук агенттер тарабынан түзүлгөн документтерден, коммерциялык же бажы жол-жоболоруна түздөн-түз катышы болгон административдик документтерден башкасы).

Мынай учурда документтер Кыргыз Респуликасынын талаптагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан апостил коюу жолу менен күбөлөндүрүлөт.

Аны менен бирге, 1061-жылдын 5-октябрындагы, чет мамлекеттик  документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясы Кыргыз Республикасы менен Кыргыз Республикасынын аталган Конвенцияга кошулушуна карата каршылык айтышкан төмөнкү мамлекеттердин ортосунда колдонулбайт:

1. Австрия Республикасы;

2. Бельгия Королдугу;

3. Германия Федеративдик Республикасы;

4. Греция Республикасы.

Гаага конвенциясынын мүчө-өлкөлөрүнүн тизмесин көчүрүп алыңыз.

Кабыл алуу күндөрү: Шаршемби, ишемби жана жекшембиден сырткары күндөрү.

Кабыл алуу сааттары:

Документтерди кабыл алуу:  саат 09:30 дан саат 12:00 го чейин.

Документтерди берүү - саат 16:30 дан саат 17:30га чейин.

Документтерди кароо мөөнөтү:  5 жумушчу күнгө чейин.

Эскертүү: Легалдаштыруу үчүн документтер ээсинен кабыл алынат. Документтин ээси болбогон учурда документтер нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде кабыл алынат.

КР ТИМинин Дипломаттык Консулдук кызматынын документтерди легалдаштыру боюнча Консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын  тарифтери.

Консулдук аракеттердин аталыштары

Консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын коюмдары, сом

Кыргыз Респуликасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти легалдаштыруу үчүн:

- жеке жактардан

-юридикалык жактардан

70

500

Чет өлкөнүн мамлекеттик органдары тараынан берилген документтин ар бирин легалдаштыруу үчүн:

-жеке жактардан

-юридикалык жактардан

200

900

Билими тууралуу документти легалдаштыруу үчүн: Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билими тууралуу диплом, Кыргыз Республикасынын орто билими тууралуу аттестат, билим берүү курстарын аяктагандыгы тууралуу сертификаттар 1200