Укуктук базасы

Бүгүнкү күнү өз ара аракеттердин конкреттүү багыттарын жөнгө салуучу 348 келишим, макулдашуу жана башка документтер эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын түзөт.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын жетекчилигинин ортосунда  калыптанып калган достук жана ишеним мамилелери артыкчылыктуу ролду ойнойт.

Эки мамлекеттин Президенттери жана  Премьер-министрлери эки тараптуу сапарлардын жүрүшүндө жана КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ эл аралык жана  аймактык уюмдардын жыйындарынын алкагында үзгүлтүксүз   жолугушууда.

2017-жыл ичинде эле  Кыргызстан жана Россия мамлекетинин башчыларынын деңгээлинде 8 эки тараптуу сапар жана эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде 7 эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлгөн.

2017-жылдын 29-ноябрында КРнын жаңы шайланган Президенти С.Жээнбековдун Россия Федерациясына иш сапары ишке ашкан. Иш сапар жаңы жетекчиликтин өлкөнүн ички саясий жана тышкы саясий  курсун улантуусун тастыктаган. 

Өлкөнүн жаңы жетекчисинин жана өкмөт башчысынын эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулары кыргыз-россиялык эки тараптуу  кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүн, ошондой эле өлкөнүн тышкы экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыт болуп саналган ЕАЭБнин алкагындагы өз ара аракеттерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

КРсы менен РФнын ортосунда парламенттер жана аймактар аралык өз ара аракеттер кыргыз-россияык эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарынан болуп саналат. Парламенттер аралык кызматташуу багытында бир топ маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖКУУнун Парламенттер ассамблеясынын, Жогорку Кеңеш менен Федералдык жыйындын ортосунда Парламенттер аралык комиссиянын алкагында КРнын ЖКнин Төрагасынын жана депутаттарынын сапарлары үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат.

Кыргыз-россиялык парламенттик өз ара байланыш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын ортосунда Кызматашуу жөнүндө 2007-жылдын 11-майында кол коюлган Макулдашуунун негизинде жемиштүү жана динамикалуу түрдө өнүгүүдө.

Эки өлкөнүн ортосунда парламентттер аралык кызматташуу багытында бир топ маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖКУУнун Парламенттер ассамблеясынын, Жогорку Кеңеш менен Федералдык жыйындын ортосунда Парламенттер аралык комиссиянын алкагында КРнын ЖКнин Төрагасынын 4 сапары ишке ашты. Өз кезегинде Кыргызстанга расмий жана жумушчу сапарлары менен РФнын Федерация Советинин Төрайымы В.Матвиенко жана РФнын Мамлекеттик думасынын Төрагасы В.Володин  барып келишкен.

Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссия үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, анын жетинчи жыйыны 2017-жылдын 17-апрелинде өткөрүлгөн.

Жогоруда белгиленген багыттар боюнча акыркы жылдары КРнын ЖКнин жетекчилигин РФсына болгон 4 сапары ишке ашкан (2017-жылдын апрель, март, июнь, октябрь). 

Ал эми 2018-жылдын биринчи жарымында КРсы менен РФнын парламенттер аралык кызматташуусун ишке ашыруунун алкагында 5 өз ара сапар уюштурулуп, ишке ашырылган. Үстүбүздөгү жылдын 19 июнунда Бишкекте Кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык парламенттер аралык комиссиянын 8-жыйын өткөн. Азыркы кезде үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына пландаштырылган КРнын ЖКнин Төрагасынын РФсына боло турган сапарына даярдыктар көрүлүүдө.