2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск областынын Губернатору Андрей Травников менен жолугушту.

4433

2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск областынын Губернатору Андрей Травников менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Новосибирск областынын ар тараптуу аймак аралык кызматташуусу жана эмгектенген кыргыз жарандарынын абалы талкууланды.

Новосибирск областынын башчысы алдыдагы эки өлкөнүн Кайчылаш жылынын алкагында белгилүү Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысымын Новосибирск шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарууну колдоду.                Ошондой эле, ал Башкы консулдук жана Новосибирск областындагы Кыргыз диаспорасынын демилгесин - 2020-жылы Россиянын аймактарындагы кыргыз диаспора арасындагы волейбол боюнча Бүткүл россиялык турнирдин өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK