Кыргыз Республикасынын паспортун мѳѳнѳтүн узартуу жөнүндө маалымат!

4417

      Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүнү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы №82 токтомунун негизинде:

  • Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейин мөнөөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-паспорт), 2021-жылдын 01-сентябрына чейин узарта алышат;
  • Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-августуна чейин мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (эл аралык паспорт) 2021-жылдын 01-сентябрына чейин узарта алышат. Аталган женилдик Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары; 

           Жогорудагы токтомдун негизинде, кыргыз жарандары мөөнөтү узартылган паспорттор менен чет мамлекеттик чек арадан өтүп, Кыргыз Республикасына кайтып кетүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Атталган паспорторду узартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугуна кайрыла алышат.

Узартууну талап кылган паспортуңуз жаныңызда болушу керек!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK