2022-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиевдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев менен Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун губернатору А.Травников менен жолугушуусу өткөрүлдү.

2051

2022-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиевдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев менен Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун губернатору А.Травников менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун негизги темалардын катарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эки облустары ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу маселелери, ошондой эле Новосибирск облусунан жана Сибирь федералдык округунан Ысык-Көл облусуна туристтик агымды көбөйтүү маселелери талкууланды.

М.Кожоев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эки облусу ортосундагы Туризм, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун потенциалы толук ишке ашырыла электигин жана бул жолугушуу эки облустун мындан аркы кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасында инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду мамлекеттик колдоо, ошондой эле салыктык преференциялар маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Новосибирск облусунун губернатору А.Травников быйыл эки облустун кызматташтыгына 10 жыл толуп жатканын, аймактардын ортосундагы экономикалык потенциал жогору экенин жана Орусия тарап аймактар ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу байланышты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, пандемияга байланыштуу чектөөлөргө карабастан, Кыргыз Республикасы менен Новосибирск облусунун ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 2020-жылга салыштырмалуу 46,5% га өскөн.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу К.Маматалиев саламдашуу сөзүндө Ысык-Көл облусунун экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, туризм тармагынын объектилерин, санаторийлерди, мейманканаларды, логистикалык борборлорду биргелешип куруу жана Новосибирск областына жана Россия Федерациясынын башка райондоруна экспорттоо максатында айыл чарба продуктцияларды биргелешкен түрдө кайра иштетүү тармагында кызматташтык мүмкүнчүлүткөр тууралуу маалымат берди.

Ал эки облустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында эки облустун ишкер чөйрөлөрү менен инвесторлорунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө чакырып, 2022-жылга чейин Ысык-Көл жана Новосибирск облустарынын делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну жана, аталган сапарлардын алкагында тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушууларын өткөрүүсүн сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ысык-Көл жана Новосибирск шаарларынын инвестициялык жана экспорттук потенциалдары, Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалы жана кыргыз тараптын Ысык-Көлдө россиялык жарандарды коронавирустан кийин дарылоо боюнча сунуштары айтылды. КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Усенова менен Новосибирск облусунун саламаттыкты сактоо министри К.Хальзов аймактардын саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Ысык-Көл областынын жаш дарыгерлеринин стажировкасын Новосибирск областында уюштуруу жана окутуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев Новосибирск облусунун губернатору А.Травниковду Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде А.Травников эпидемиологиялык абал турукташтарылынгандан кийин Ысык-Көл облусуна барууга даяр экенин ырастады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK