Башкы консул К.Маматалиев Новосибирск аймактык ооруканасынын башкы дарыгери менен жолугушуу өткөрдү

1173

2022-жылдын 9-сентябрында Башкы консул К.Маматалиев Новосибирск аймактык ооруканасынын башкы дарыгери, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген дарыгери, ЮНЕСКОнун профессору Анатолий Васильевич Юданов менен Ысык-Көл облустук ооруканасы менен кызматташууну түзүү жана материалдык жактан оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Юданов Анатолий Васильевич саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга даяр экендигин билдирип, Консулдук округда жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандары медициналык ыкчам жардамга муктаж болгон учурда Башкы консулдук менен Новосибирск аймактык ооруканасынын оперативдүү өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

  • 2022-жылдын 9-сентябрында Башкы консул К.Маматалиев Новосибирск аймактык ооруканасынын башкы дарыгери, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген дарыгери, ЮНЕСКОнун профессору Анатолий Васильевич Юданов менен Ысык-Көл облустук ооруканасы менен кызматташууну түзүү жана материалдык жактан оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK