Пресс-релиз

937

2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборго барышты.

Бүгүнкү күндө аталган борбордо Кыргыз Республикасынын үч жараны кармалып турат. Алардын экөөсү 19-ноябрда Кыргыз Республикасына жөнөп кетишет. Бир жаран Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-ст. 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголуп, 2022-жылдын 24-ноябрында Новосибирск шаарынын Железнодорожный райондук сотунда өтө турган соттук отурумду күтүп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консулдуктун кызматкерлери камакта кармоонун шарттары менен таанышып, зарыл болгон консулдук юридикалык жардамды көрсөтүүштү.

  • 2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборго барышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK