Маалыматтык-консультациялык борбор мигранттар үчүн жаңыртылган сайтты ишке киргизди

3729

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин Маалыматтык-консультациялык борбору  Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары чыккан мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн веб-сайт (www.migrant.kg) иштелип чыккандыгы тууралуу маалымдайт. Ошондой эле Кыргызстандан сырткары чыгууну пландап жаткан ар бир жаран www.migrant.kg веб-сайтына кирип, төмөнкү кызматтардан пайдалана алат:
•    Онлайн режимде Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен («кара тизме») өзүнүн маалыматтарын текшерүүгө;
•    Коопсуз миграция маселелери боюнча зарыл болгон консультацияларды алуу үчүн дүйнөнүн туш тарабынан МКБнын тез байланыш кызматынын операторлору менен байланышууга жана адамдарды сатуу менен байланышкан кырдаалдар келип чыккан учурда WhatsApp, Telegram, онлайн чат сыяктуу бардык жеткиликтүү каналдар, телефон байланышы жана башка мессенджерлер аркылуу жардам алууга; 
•    Мыйзамдуу жана коопсуз миграция тууралуу, анын ичинде чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштурууга уруксаты бар менчик агенттиктер боюнча так маалымат алууга;
•    Чет жерде каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар боюнча бир жолку төлөмдөрдү алуунун тартиби жөнүндө жаңыртылган маалыматтарды алууга мүмкүндүк алышат.
         Бул вебсайт ар кайсы өлкөлөрдөгү мигранттарга, ошондой эле потенциалдуу мигранттарга миграция маселеси боюнча актуалдуу маалыматтарды жана консультацияларды, ошондой эле башка маалыматтарды алуу учурунда ыңгайлуу жана жөнөкөй онлайн платформаны түзүү максатында иштелип чыккан.  
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK