Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Айбек Айдарбеков Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Новосибирск шаарындагы өкүлү Николай Афонасов менен жолугушуусу өткөрдү.

440

2023-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Николай Афонасов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Сибирь федералдык округунун аймактары менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланды.

 

Тараптар 2023-жылы боло турган соода-экономикалык кызматташтык, облус башчыларынын деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу, диаспора бирикмелеринин катышуусунда маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү маселелерин кеңири талкуулашты.

 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Башкы консулдуктун консулдук округунда болушунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

 

Жолугушуунун соңунда маектештер актуалдуу маселелер жана алдыда боло турган иш-чаралар боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK