Кыргыз Республикасынын Ош облусунун делегациясынын Алтай крайында «День сибирского поля» региондор аралык агроөнөр жай форумуна катышуусу жөнүндө

124

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен 2023-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З. Тургунбаев, Алтай крайынын Барнаул шаарында өткөн «День сибирского поля» региондор аралык агроөнөр жай форумунун ачылышына катышты.

Форумдун алкагында кыргыз делегациясы Алтай аймагынын губернаторунун жана өкмөтүнүн администрациясынын орун басары В.Снесар менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Алтай аймагынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана айыл чарба тармактары боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2011-жылдын 23-мартындагы Ош облусу менен Алтай крайынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимин ишке ашыруу боюнча 2023-2025-жылдарга иш-чаралар планына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: Региондор аралык «День сибирского поля» агроөнөр жай форуму Сибирдеги эле эмес, бүтүндөй Россиядагы ири тармактык иш-чаралардын бири болуп саналат, анын милдети айыл чарба тармагында заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди илгерилетүү. Форумга 330дан ашык компания жана айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр катышты.

Агроөнөр жай форумуна катышуунун алкагында Ош облусунун делегациясы Алтайдын «Алмаз» машина куруучу заводдор бирикмесинин, «Комплекс Агро» соода үйүнүн ж.б. объекттеринде болушту, ошондой эле Алтай крайынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

  • Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен 2023-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З. Тургунбаев, Алтай крайынын Барнаул шаарында өткөн «День сибирского поля» региондор аралык агроөнөр жай форумунун ачылышына катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK