Башкы консул А.Айдарбеков «Новосибирск облусунун соода-өнөр жай палатасы» союзунун Президенти С.Алтухов менен жолукту
2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков «Новосибирск облусунун соода-өнөр жай палатасынын» союзунун Президенти С.Алтухов менен жолугукту.
Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын региондору менен Новосибирск облусунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташуусун активдештирүү маселелери талкууланылды. Башкы консул А.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тигүү, сүт-эт, алкоголдук жана балык продукцияларын Новосибирск облусуна жеткирүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Кыргыз Республикасы менен Новосибирск облусунун бизнес-коомчулугунун байланыштарын бекемдөө максатында тараптар Сибир федералдык округунун соода-өнөр жай палаталарынын форумунун (ассоциациясынын) көмөгү менен 2024-жылдын 2-жарымында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигинин визитин уюштуруу мүмкүндүгү менен Кыргыз жана Сибирь ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү тууралуу макулдашылды.