Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен 2019-жылдын 22-декабрында мекендештердин балдарына Жаны жылдык балаты майрамы Новосибирск шаарында өткөрүлдүгү тууралу пресс-релизи
2019-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Новосибирск областындагы кыргыз диаспорасы, Новосибирск шаарындагы “Жаш Толкун” жаштар уюмунун колдоосу менен мекендештердин балдарына Жаны жылдык балаты майрамы Новосибирск шаарында өткөрүлдү.
Иш-чарага ошондой эле биздин мекендештер: кыргыз диаспорасынын аксакалдары, бизнесмендер, эмгек мигранттары, жаштар жана студенттер дагы катышышты.
Майрамдын жүрүшүндө уюшулган шоу программа көргөзүлдү: улуттук кыргыз бийлери, музыкалык көркөм чыгармачылык, ошондой эле балдар үчүн белек топтому таратылды.
Башкы консулдуктун кызматкерлеринин өз каражатынын эсебинен балдардын белегине салым кошулду.