ШАЙЛОО - 2020

4515

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 19-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун шайлоочулар тизмесинде болушуңуз керек (УШК 9010).

Тизмеге кирүү талаптары:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин), Кыргызстанда же консулдукта  мурда тапшырган болсо, консулдук каттоого  турууга тийиш  

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда консул менен сүйлөшүп, белгиленген убакытта Консулдука келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери), консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы ) жана Кыргыз Республикасынын жарактуу паспортунун көчүрмөсү тапшырыңыз. 

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Толук аты-жөнүңүздү tizme.gov.kg сайтынан текшерип алсаңыз болот. Эгерде сиз өзүңүздү tizme.gov.kg веб-сайтындагы тизмеден таба албасаңыз, анда жарандын биометрикалык маалыматы тапшырылган эмес. Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн форма № 2 арзын тапшырып шайлоочулардын тизмесине кошулсаныз болот.

Шайлоонун акыркы тизмеси 2020-жылдын 27-сентябрында жарыяланат.

Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында, Новосибирск шаарында, Крылова кочосу 64/1 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунда  өтөт.

Добуш берүү  үчүн  сиз Консулдука келишиңиз керек, алыстан добуш берүү мүмкүн эмес.

Кошумча суроолоруңуз болсо, Консулдуктун жооптуу кызматкери менен +79607812324 номери аркылуу байланышып же konsulsib.kg@mail.ru электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK