Укуктук базасы
Кыргыз Республикасы жана Афганистан Ислам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орногондон бери 8 мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулардын жана келишимдерге кол коюлду:
1. Дипломатиялык жана консулдук мамилелерди орнотуу жөнүндө Протокол (Москва ш., 1999-ж.12-ноябрь);
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Афганистан мамлектенин убактылуу администрациясы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум (Кабул ш., 27-март, 2002-жыл);
3. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо кызматы жана Афганистан Ислам Республикасынын акчаларды адалдоого каршы жана кылмыш жолу менен алынган каражаттарды жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы талдоо Борбору ортосундагы Меморандум (Санья, Кытай, 22-январь 2008 ж);
4. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлиги жана Афганистан Ислам Республикасынын тышкы иштер Министрлиги ортосундагы консультациялар жөнүндө Протокол (Бишкек, 22-январь, 2013-жыл);
5. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети жана Афганистан Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук директораты ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум, (Кабул ш., март 2013);
6. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигинин Дипломатиялык академиясы жана Афганистан тышкы иштер министрлигинин дипломатия Институту ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө жана кызматташтык меморандум (Кабул ш., 16-февраль, 2014-жыл);
7. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар Министрлиги жана Афганистандын табигый кырсыктар менен боюнча күрөшүү Улуттук органы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча Меморандум (26 март 2014 г);
8. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлиги жана Афганистан тышкы иштер Министрлиги ортосундагы кызматташтык жана эки тараптуу консультациялар жөнүндө протокол (16 февраль 2014-жыл).
Азыркы учурда элчилик тарабынан афган тараптын кароосуна төмөнкүдөй макулдашуулардын долбоорлору жиберилген:
- Кыргыз Республикасы жана Афганистан Ислам Республикасы ортсундагы эл аралык автоунаалык ташуулар жөнүндө Макулдашуу;
- Кыргыз Республикасы жана Афганистан Ислам Республикасы ортосундагы Соода макулдашуусу;
- Кыргыз Республикасы жана Афганистан Ислам Республикасы ортосундагы ортосундагы кош салык салууну жана кирешеден салык төлөөнуү болтурбоо Макулдашуусу;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлиги жана Афганистан Ислам Республикасынын ички иштер Министрлиги ортосундагы бангизаттарды жана баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы боюнча Кызматташуу жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлиги жана Афганистан Ислам Республикасынын ички иштер Министрлиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум.
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы түзүү жөнүндө Макулдашуусу кол коюуу стадиясыда