Виза маселелери
Кыргызстан жарандары үчүн визасыз режим киргизилген мамлекетер тизмеси
- Азербайджан,
- Армения,
- Грузия,
- Молдова,
- Беларусь,
- Казахстан,
- Орус Федерациясы,
- Таджикистан,
- Вьетнам,
- КНДР,
- Куба,
- Малайзия (90 күнгө чейин),
- Турция (90 күнгө чейин),
- Украина (90 күнгө чейин),
- Монголия (90 күнгө чейин).
Асан виза (Азербайжан электрондук виза системасы)
Чет өлкөлүктөр жана жарандыксыз жактар Азербайжан Республикасына виза алуу үчүн 3 жолдон бирин колдоно алышат. Дипломатикалык өкүлчүлүктөрү, консулдуктар же Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти аркылуу виза алыш мүмкүн.
Ошондой эле, https://evisa.gov.az/ru/countries шилтемеде келтирилген өлкөлөрдүн жарандары "Асан Viza" системасы аркылуу электрондук виза алышы мүмкүн.
Электрондук виза 3 жумуш күндүн ичинде берилет. Электрондук визанын баасы 20 $ турат. Электрондук виза бир үй-бүлөгө (минимум 2, максималдуу 10 адам үчүн) жана топторго (минимум 10, максимум 300 адам үчүн) берилиши мүмкүн.
Электрондук виза кайрыл кайрылуучунун электрондук дарегине жөнөтүлөт.