Нотариалдык маселелер
Анкара шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин аткарган нотариалдык иш-аракеттери тийиштүү кишинин жеке катышуусу менен арыз жана төмөндөгү документтерди берүү аркылуу ишке ашат:
Тийиштүү документ үчүн аты-жөнү, дареги, телефонун камтыган кайрылуу жасоо,
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту,
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү, ишеним кат.
Берилген документтин түрүнө жараша:
- Чет өлкөдө бир жашы жете элек баланы алып жүрүү учурунда, баланын паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк көчүрмөсү;
- кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө болгон укуктарды башкаруу учурунда- тийиштүү документти тастыктаган көчүрмөсү (техпаспорт, кызыл китеп, автоунаанын техпаспорту, алым-сатым келишими ж.б.) талап кылынат.
10 доллар өлчөмүндө GARANTI Bank Yıldız Şubesiне консулдук төлөм төлөөнөт, эсеп № TR58 0006 2000 4080 0009 0766 43.