Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолукту

2597

2021-жылдын 6-июлунда Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Кубанычбек Омуралиев консулдук маселелер боюнча жооптуу болгон Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи К.Омуралиев Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын учурда турган жери тууралуу маалымат берүү жана консулдук кызматкерге ага кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен Элчилик ТРнын Тышкы иштер министрлигине Нота жибергенин маалымдады.

Министрдин орун басары Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигине жөнөтөрүнө ишендирди.

Ошол эле учурда ал Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин белгилеп, анын турган жери тууралуу маалыматы жок экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK