Түркия Республикасынын Анталья шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделди

2586

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Түркия Республикасынын Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Чечим Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK