Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу Элчи Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуусу

1278

Урматтуу Түркия Республикасындагы мекендештер!

Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 6-февралында Түркияда кайгылуу окуялар болду. Анын кесепетинен жүздөгөн адамдар каза болуп, миңдеген адамдар жарадар болду.

Боордош түрк элине, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Биздин боордош түрк элибиз үчүн ушундай оор мезгилде өз ара колдоо жана жардам абдан маанилуу. Жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу жөнөтүлдү. Жакынкы күндөрү Кыргызстандын элинен гуманитардык жардам жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктары менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыр тарткандар арасында Кыргыз Республикасынын жарандары бар-жогун тактоо боюнча иш алып барууда. Консулдук юридикалык жардам жана консультацияларды көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлүп, анын алкагында ишеним телефондору кызмат берүүдө.

Тилекке каршы, Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары Кыргызстандын консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы мекендештерибиздин саны боюнча так маалыматыбыз жок. Кахраманмараш, Газиантеп, Адана, Малатия, Хатай, Османие, Мерсин, Адияман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Килис сыяктуу эң катуу кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен түз байланышыбыз жок.

Ушуга байланыштуу жарандарыбыз менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Жабыркаган аймактарда болушу мүмкүн болгон туугандарыңыз, досторуңуз жана тааныштарыңыз менен байланышыңыз. Мекендештерибизде баары жайында экенин сурап билип алып, жардам керек болгондордун байланыш маалыматтарын бизге бериңиздер.

Түркиядагы өкүлчүлүктөрүбүзгө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот:

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
  • Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
  • Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Түркиянын жабыркаган аймактарында жашаган мекендештерге, ошондой эле Элчилик менен Консулдуктарга биздин жарандарды издөөдө жардам берүүнү кааласаңыз, жогоруда көрсөтүлгөн телефондорго да кайрылсаңыздар болот.

 

Урматтоо менен

Руслан Казакбаев,

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK