Элчи Кубанычбек Өмүралиев ASKON ишкерлер ассоциациясынын Башкы катчысы Орхан Айдын менен жолугушту

1250

2022-жылдын 11-августунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев «Anadolu Aslanları» (ASKON) ишкерлер ассоциациясынын Башкы катчысы Орхан Айдын менен жолугушту.

Жолугушууда элчи К.Өмүралиев Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Төмөн салыктарга, капиталдын эркин кыймылына, ошондой эле өндүрүлгөн продукцияны сатуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Европа Биримдигинен ЖПС+ программасынын алкагындагы рыноктарына көңүл бурду. Кыргыз Республикасында инвестицияларды тартуу жана өндүрүш ачуу максатында, Элчи Орхан Айдынди Кыргызстанга барып, аталган маселени жеринде изилдөөгө чакырды.

Өз кезегинде О.Айдын Элчиге Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн шарттары тууралуу презентациясы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын жагымдуулугун белгилеп, жакынкы арада ASKONдун делегациясы Кыргызстанга таанышуу сапары менен баруусун билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK